Башкы беткеКоомКытайда болгон жер титирөөнүн күчү Кыргызстанда да байкалды

Кытайда болгон жер титирөөнүн күчү Кыргызстанда да байкалды

Кытайдын аймагында катталган жер титирөө Кыргызстанда да сезилди. Бул тууралуу КР Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.

Маалыматка ылайык, жер титирөө 29-июлда саат 12:09да катталып, очогунда күчү 5 баллды түзгөн.

Жер титирөөнүн очогу Кытайдын аймагында, Какшаал-Тоо кырка тоосунун аймагында жайгашкан. Ал Бедел айылынан 35 чакырым чыгышта, Ыштык айылынан 43 чакырым түштүк-чыгышта, “Кумтөр” кенинен 70 чакырым түштүк-чыгышта жана Каракол шаарынан 115 чакырым түштүк-чыгышта болгон.

Жер титирөө Бедел жана Ыштык айылдарында 3 балл, ал эми “Кумтөр” кенинде 2 балл күчүндө сезилген.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар