2–9-август күндөрү Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун 125 жылдыгына арналган “Жибек жолу кубогу” эл аралык балдар шахмат турнири өтөт.
Турнир Кыргызстандын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин демилгеси менен “Ысык-Көл облусунун шахмат федерациясы” коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулууда.
Мелдештин негизги максаты – жаштар арасында шахматты өнүктүрүү, интеллектуалдык спортко болгон кызыгууну арттыруу, таланттуу шахматчыларды аныктап, алардын чеберчилигин өркүндөтүүгө шарт түзүү.
Турнир ошондой эле жаш шахматчылардын тажрыйба алмашуусуна, эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө жана ар түрдүү өлкөлөрдөн келген өспүрүмдөрдүн достук байланыштарын чыңдоого багытталган.
Мелдештин жүрүшүндө катышуучулар стратегиялык ой жүгүртүүсүн, логикалык жөндөмүн жана шахматтагы чеберчилигин көрсөтүп, жеңиш үчүн күч сынашат.



