Башкы беткеКоомЫсык-Көлдөгү "Формула–1" мелдешине 30дан ашуун өлкөдөн коноктор келет

Ысык-Көлдөгү “Формула–1” мелдешине 30дан ашуун өлкөдөн коноктор келет

31-июлдан 2-августка чейин Ысык-Көлдө суу-мотор спорту боюнча F1H2O дүйнө чемпионатынын этабы уюштурулат. Бул мелдеш Борбор Азияда биринчи жолу өткөрүлүп жатат.

Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин директору Эдуард Кубатов билдиргендей, жарышты өткөрүү үчүн бардык шарттар түзүлдү. Эки айдын ичинде 10 миң көрүүчүгө ылайыкталган атайын аянтча курулуп, эл аралык талаптарга жооп берген инфраструктура даярдалды.

Анын айтымында, Ысык-Көлдөгү мелдешке дүйнөнүн алдыңкы командалары катышат. Учурда 20га жакын команда жана мыкты пилоттордун келиши күтүлүүдө. Ошондой эле 30дан ашуун мамлекеттин өкүлдөрү келип, иш-чарага келгендердин саны 25 миң адамга чейин жетиши мүмкүн.

Уюштуруучулар жарыш менен катар экологиялык коопсуздукка да өзгөчө көңүл буруп жатышат. Мелдешке чейин жана андан кийин көлдүн суусунун, абанын жана жээк аймагынын абалы текшерилип, жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгы коомчулукка сунушталат.

F1H2O дүйнө чемпионатынын жеңүүчүлөрү 2-августта өтө турган финалдык жарыштардан кийин аныкталат.

 

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар