Башкы беткеЭкономикаИшкерлер туура эмес тандалган салык режимин 15 күндүн ичинде өзгөртө алышат

Ишкерлер туура эмес тандалган салык режимин 15 күндүн ичинде өзгөртө алышат

Мамлекеттик салык кызматы ишкерлерге мамлекеттик каттоодо туура эмес тандалган салык режимин өзгөртүү тартиби тууралуу маалымат берди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, ишкер мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып 15 календардык күндүн ичинде тиешелүү арыз берүү менен тандаган салык режимин өзгөртө алат. Эгер бул мөөнөт өтүп кетсе, салык режимин өзгөртүү жалпы тартипте гана жүргүзүлөт.

Арызды салык органына барбастан эле Салык төлөөчүнүн жеке кабинети аркылуу онлайн тапшырууга мүмкүн.

Мамлекеттик салык кызматы ишкерлерди электрондук кызматтарды активдүү колдонууга чакырып, бул убакытты үнөмдөөгө жана бизнести натыйжалуу башкарууга көмөк көрсөтөрүн белгиледи.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар