Кыргызстандын кырка тоосунун түндүк капталында жайгашкан сел коркунучу жогору бийик тоолуу көлдөрдүн абалын баалоо максатында абадан изилдөө иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, абадан жүргүзүлгөн байкоого Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев, министрликтин табигый кооптуу процесстерге мониторинг жүргүзгөн адистери жана Борбор Азия университетинин окумуштуулары катышты.
Изилдөөнүн жүрүшүндө Кейди-Кучкач, Чоң-Төр, Адыгине, Ак-Сай, Салык, Кулбото, Челек-Төр, Чирканак, Ат-Жайлоо–Шамшы, Көл-Төр, Туюк-Жар, Коморчөк-Түштүк, Көл-Үкөк, Зындан көлдөрү жана Шамшы өрөөнүнүн жогорку бөлүгүндө жаңы пайда болгон көл текшерилди.
Адистер көлдөрдүн, мөңгүлөрдүн жана мореналык тосмолордун абалына баа берип, суунун топтолуу көлөмүн, дарыялардын нугун жана суу топтоочу бассейндердин абалын изилдешти. Ошондой эле фото жана видео материалдар даярдалды.
Изилдөөнүн жыйынтыгында өзгөчө көзөмөлдү талап кылган аймактар аныкталды. Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев климаттын өзгөрүшү бийик тоолуу көлдөр менен мөңгүлөрдүн абалына барган сайын олуттуу таасир тийгизип жатканын белгиледи.
Министрликтин маалыматына ылайык, жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгы сел коркунучун так баалоого, кооптуу жаратылыш процесстерине мониторинг жүргүзүүгө жана алдын алуу иш-чараларын өз убагында уюштурууга негиз болот.




