Башкы беткеКоомЭдуард Кубатов: "Ысык-Көлдөгү F1H2O жарышынан кийин эстафета Шанхайга берилет"

Эдуард Кубатов: “Ысык-Көлдөгү F1H2O жарышынан кийин эстафета Шанхайга берилет”

Ысык-Көлдө Борбор Азия тарыхында биринчи жолу суу-мотор спорту боюнча F1H2O дүйнө чемпионатынын этабы өтүүдө. Эл аралык мелдештин алдында Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин директору Эдуард Кубатов жарышты өткөрүүгө даярдык толугу менен аяктаганын билдирди.

Анын айтымында, 10 миң көрүүчүгө ылайыкташкан эл аралык иш-чаралар аймагы жана мелдеш үчүн зарыл болгон техникалык инфраструктура эки айдын ичинде курулду. Бул иштер Министрлер Кабинети, Кыргызстандын жана Эл аралык суу-мотор спорту федерацияларынын биргелешкен аракетинин негизинде ишке ашырылды.

Күтүлгөндөй, жарыш күндөрү Ысык-Көлгө 30дан ашуун өлкөдөн келген делегациялар жана жалпы 25 миңге чейин конок келет. Ал эми дүйнөлүк чемпионаттын этабында 20га жакын күчтүү эл аралык команда жеңиш үчүн ат салышат.

Эдуард Кубатов F1H2O мелдешинин негиздөөчүсү жана промоутери Николо ди Сан Жерманону тааныштырып жатып, бул жарыштын эл аралык мааниси жогору экенин белгиледи.

“2-августта жарыштарды жыйынтыктап, башкы жеңүүчүнү аныктайбыз. Андан кийин дүйнө чемпионатынын кийинки этабын өткөрө турган Шанхай шаарына эстафетаны өткөрүп беребиз”, — деди Кубатов.

Ошондой эле мелдешти өткөрүүдө экологиялык коопсуздукка өзгөчө көңүл бурулууда. Жарышка чейин жана андан кийин мамлекеттик органдар көз карандысыз эксперттер менен биргеликте Ысык-Көлдүн суусуна, абасына жана жээк тилкесине лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзөт. Анын жыйынтыктары коомчулукка ачык жарыяланат.

Белгилей кетсек, Бает айылында курулган жаңы инфраструктура мелдеш аяктагандан кийин да сакталып, спорттук жана туристтик борбор катары пайдаланылат.

 

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар