Башкы беткеПрезидент"Кыргыз Туусу" маалымат-басма үйү жаңы долбоор баштады

“Кыргыз Туусу” маалымат-басма үйү жаңы долбоор баштады

Кыргызстан соңку 5 жыл ичинде бардык тармакта олуттуу өсүштөргө жетишип, экономикада илбирс секирик жасады. Өнүгүү багытына бет алган өлкөбүздүн өндүрүшү өр алып, казынасы кампайды жана чек арабыз бекемделип, коррупцияга каршы күрөш жемишин берди. Курулуш, энергетика сыяктуу ири тармактарда стратегиялык долбоорлор ишке ашууда.
Бул мезгил өлкө тарыхында чоң өзгөрүүлөрдүн жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн доору катары калаары азыртан айтыла баштады.
Мындан улам “Кыргыз Туусу” маалымат-басма үйү өлкөнүн жетишкендиктерин сандар аркылуу чагылдырган “Кыргызстан сандарда” аттуу жаңы долбоордун серияларын сунуштайт.
Мамлекетибиздин ийгиликтерин, өсүү көрсөткүчтөрүн жана маанилүү өзгөрүүлөрдү сандар менен баяндаган кыска видеороликтерибиздин алгачкысы назарыңыздарда.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар