Башкы беткеКоом"Асман Эйрлайнс" ички каттамдардагы авиабилеттердин баасын өзгөртөт

“Асман Эйрлайнс” ички каттамдардагы авиабилеттердин баасын өзгөртөт

2026-жылдын 1-августунан тартып “Асман Эйрлайнс”  авиакомпаниясы айрым ички каттамдар боюнча авиабилеттердин тарифтерин жаңылайт.

Компаниянын маалыматына ылайык, мындай чечим Кыргызстанда авиациялык күйүүчү майдын баасы июль айынын жыйынтыгы менен 32 пайызга кымбаттаганына байланыштуу кабыл алынган. Күйүүчү май авиаташуулардын өздүк наркындагы негизги чыгымдардын бири болуп эсептелет.

Авиакомпания белгилегендей, каттамдардын үзгүлтүксүз аткарылышын камсыз кылуу, учуулардын коопсуздугун сактоо жана жүргүнчүлөргө көрсөтүлүүчү кызматтын сапатын жогору деңгээлде кармоо үчүн айрым тарифтерди кайра кароого туура келген.

1-августтан тартып авиабилеттердин бир тарапка болгон баасы төмөнкүдөй болот:

Бишкек – Ош – Бишкек – 4 100 сомдон 6 500 сомго чейин;

Бишкек – Манас – Бишкек – 4 100 сомдон 5 000 сомго чейин.

Билеттин акыркы баасы сатып алуу убактысына, каттамдагы орундардын санына жана тарифтик класстын жеткиликтүүлүгүнө жараша аныкталат.

“Асман Эйрлайнс” белгилегендей, тарифтердин өзгөрүшүнө карабастан, компания ички авиакаттамдарды жеткиликтүү деңгээлде сактоону, өлкөнүн аймактарынын ортосундагы аба каттамдарын өнүктүрүүнү жана ишенимдүү транспорттук байланышты камсыз кылууну улантат.

Актуалдуу тарифтер менен компаниянын расмий сайты жана мобилдик тиркемеси аркылуу таанышууга жана авиабилеттерди сатып алууга болот.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар