Германияга жайкы программа менен барып, жумушсуз жана турак жайсыз качкындар борборунда калган кыргызстандык студенттердин кырдаалы коомчулукта чоң талкуу жаратты. Бул окуя өлкөдөгү 700 миңден ашуун мигранттын көйгөйүн, туруктуу жумуш орду менен камсыздоо маселесин жана жеке ортомчу агенттиктердин жоопкерчилигин кайрадан күн тартибине чыгарды. Учурда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги менен Германиядагы элчилик студенттердин коопсуздугун камсыздоо жана алардын укуктарын коргоо боюнча ыкчам чараларды көрүүдө.
Эл аралык миграция маселеси бүгүнкү күндө Кыргызстандын социалдык-экономикалык турмушундагы эң олуттуу жана курч темалардын бири бойдон калууда. Расмий маалыматтарга таянсак, азыркы тапта 719 миң 755 мекендешибиз чет өлкөлөрдө эмгек миграциясында жүрөт, ал эми эксперттердин божомолдуу эсеби боюнча бул көрсөткүч 773 миң 248 адамга чейин жетет. Жалпысынан алганда, 700 миңден ашуун жараныбыз чет жерде эмгектенип, өлкө экономикасына жана өз үй-бүлөлөрүнүн бакубаттуулугуна өз салымдарын кошуп келишет. Бирок, дүйнөлүк эмгек рыногундагы өзгөрүүлөр, миграциялык режимдердин катаалдашы, эл аралык жаңы талаптар жана мыйзамсыз жумушка орноштуруу тобокелдиктери чет жактагы жарандарыбыздын коопсуздугу менен укуктарын коргоо маселесин биринчи орунга чыгарууда.
Акыркы мезгилде европалык багыт, өзгөчө Германия Федеративдүү Республикасы кыргызстандык жаштар менен студенттердин арасында кызыгууну жараткан негизги өлкөлөрдүн бирине айланганы менен, ал тобокелдиктер жана кооптуу кырдаалдар менен коштолууда. Мамлекеттик деңгээлде Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору өз ишин коопсуз миграциялык механизмдерди түзүүгө жумшап, Улуу Британия, Түштүк Корея, Түркия, Словакия, Япония жана Германия сыяктуу өлкөлөр менен келишимдердин алкагында иш алып барууда. Муну менен катар эле, өлкөдө тиешелүү уруксаты бар 150 жеке иш менен камсыз кылуу агенттиги дүйнөнүн 27 мамлекетинде жарандарыбызды жумушка жайгаштыруу кызматтарын сунуштап келет. Бирок, жеке ортомчу уюмдардын ишиндеги мүчүлүштүктөр жана жоопкерчиликсиз мамилелер студенттерди оор кырдаалдарга туш кылып жатканы өкүнүчтүү.
Бул жагдайдын айкын далили катары жакында Германияга жайкы “Ferienjob” жумуш программасы аркылуу барган жүздөн ашуун кыргызстандык студенттердин айланасында жаралган кырдаалды айтсак болот. Коомчулукта жана жалпыга маалымдоо каражаттарында кеңири талкуу жараткан маалыматтарга караганда, жайкы программа менен Германияга иштегени барган 150гө чукул жаш кыргызстандык жумушсуз калып, качкындар жайгашкан борборлордогу жатаканаларда баш калкалоого аргасыз болушкан. Студенттер аталган жайларда коопсуздук чаралары жетишсиз экенин, атүгүл ал жерде баңгизат колдонгон адамдар да бардыгын айтып, өз өмүрлөрү жана коопсуздугу үчүн олуттуу тынчсызданууларын билдиришкен.
Студенттерди жиберген ортомчу тарап, тактап айтканда, “Samara Academy” уюмунун өкүлдөрү интернетте тараган айрым маалыматтарды төгүндөп, ал жерде 80ге жакын студент бар экенин жана аларга жаңы жумуш орундарын табуу аракеттери көрүлүп жатканын айтышкан. Бирок социалдык тармактарда ата-энелер жана жабырлануучулар тарабынан аталган борбордун жоопкерчиликсиздиги тууралуу нааразычылыктар айтылууда. Алсак, мурда да 5 кыз чогуу барганда документтери туура эмес болуп чыгып, 15 күн бою чет жакта саргарып жүрүп кайра Кыргызстанга кайтып келишкени, ал эми полицияга түшкөндө аталган борбор эч кандай байланышка чыкпай койгону айтылган. Жарандар мындай жоопкерчиликсиз уюмдардын иши текшерилип, жабылышы керектигин жана келтирилген чыгымдар толугу менен төлөнүп берилиши керектигин талап кылышууда.
Бул курч маселеге КР Тышкы иштер министрлиги жана Элчилик токтоосуз киришип, тиешелүү консулдук-укуктук жардамдарды көрсөтө баштады. 2026-жылдын 23-июлуна карата ТИМ билдиргендей, “Samara Academy” аркылуу Германияга барган жарандардын укуктарын коргоо жана кырдаалдын бардык жагдайларын тактоо иштери жигердүү жүргүзүлүүдө.
Кыргызстандын Германиядагы Элчиси ªмүрбек Текебаев маселени жеринен чечүү, студенттердин эмгек жана жашоо шарты менен жакындан таанышуу үчүн Бремен шаарына барды. Жеринде жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында студенттер 28 календардык күнгө кепилденген жумушту караган келишимдерге кол коюшканы жана экинчи тарап (Германия) аларга жаңы жумуш орундарын табууга көмөктөшүүгө даяр экени маалым болду. Мамлекеттик деңгээлде чет өлкөдө жүргөн мекендештердин коопсуздугу менен мыйзамдуу укуктарын коргоо иштери мындан ары да улантылары баса белгиленди.
Чет өлкөдөгү миграциялык кырдаал бир гана Европа аймагы менен чектелбейт. Геосаясий кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Россия Федерациясынын айрым аймактарында учкучсуз учуучу аппараттардын (дрондордун) кол салуулары уланып жаткандыгына байланыштуу ал жактагы мекендештерди да абайлап, сак болууга чакырды. Жергиликтүү расмий органдардын эскертүүлөрүн сактоо жана коопсуздук чараларын бекемдөө сунушталды. Шашылыш кырдаалдар жаралган учурда жарандар үчүн КРнын Россиядагы Элчилигинин (+7 925 285-50-47) жана ТИМдин Консулдук департаментинин (+996 999 312 002) ыкчам байланыш телефондору тынымсыз кызмат көрсөтүп жатат.
Тышкы эмгек миграциясы өлкөбүз үчүн канчалык маанилүү болбосун, жарандарыбыздын өмүрү, коопсуздугу жана алардын укуктук жактан корголуусу баарынан жогору турушу керек. Чет өлкөгө жумушка же окууга жөнөп жаткан ар бир жаран, өзгөчө жаштар, келишимдердин шарттарын тыңгылыктуу изилдеп, ишенимдүү жана расмий уруксаты бар мамлекеттик же жеке агенттиктер менен гана кызматташуусу зарыл. Ал эми мамлекеттик органдар миграциялык багыттарды коопсуз нукка буруп, мыйзамсыз же ишенимсиз ортомчу уюмдардын ишмердүүлүгүнө тыкыр көзөмөл кылууну улантышы абдан маанилүү.
Германиядагы кыргыз мигранттарынын жана студенттеринин абалы европалык миграциялык саясаттын негизги тенденцияларын да чагылдырат. Акыркы жылдары Германия квалификациялуу адистерди жана убактылуу жумушчу күчүн тартуу максатында миграциялык мыйзамдарын реформалап, Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген жаштарга жумушчу визаларды алуу жолдорун бир топ жеңилдеткен. Бул мүмкүнчүлүктөр миңдеген мекендештерибизге европалык тажрыйба топтоого жол ачкан сапаттуу кадам болгону менен, экинчи тарабынан жеке ортомчу агенттиктердин жана туура эмес маалымат берген уюмдардын көбөйүшүнө алып келди. Натыйжада, тил билбеген же мыйзамдуу укуктарын толук түшүнбөгөн студенттер немис эмгек рыногундагы бюрократиялык тоскоолдуктарга жана турак жай тартыштыгына туш болуп, алдамчылыктын курмандыгына айланып жатышат.
Германияда баш калкалоочулар же убактылуу социалдык турак жайлар негизинен качкындарга багытталгандыктан, алардагы шарттар жана коопсуздук деңгээли студенттик стандартка таптакыр жооп бербейт. Бул маселе Германиядагы кыргыз диаспорасынын, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана немис өкмөтүнүн ортосунда тыгыз кызматташууну талап кылат. Немис тарабы туруктуу келишимдерге жана эмгек стандарттарын сактоого өзгөчө маани бергендиктен, жайкы «Ferienjob» сыяктуу программаларга катышкан студенттердин жумуш берүүчүлөр менен түзгөн келишимдерин мамлекеттик деңгээлде алдын ала текшерүү механизмдерин киргизүү зарылдыгы келип чыгууда. Бул бир гана студенттердин коопсуздугун камсыз кылбастан, эки өлкө ортосундагы эмгек миграциясы боюнча өнөктөштүктүн ишенимдүүлүгүн да арттырат.
Чет өлкөдө эмгектенип жаткан же билим алып жаткан ар бир мекендешибиздин тагдыры өлкө келечеги үчүн маанилүү орунда турат. Бул окуя мамлекеттик органдар үчүн да, чет өлкөгө чыгууну пландап жаткан жарандар үчүн да чоң сабак болушу керек. Ишенимдүү маалымат булактарына таянуу, укуктук сабаттуулукту жогорулатуу жана жеке уюмдардын ишин тыкыр көзөмөлгө алуу аркылуу гана биз сырттагы жарандарыбыздын укуктарын толук коргоп, чет жактагы кыргызстандыктардын аброюн жогору сактай алабыз. Мамлекет тарабынан көрсөтүлгөн консулдук жана укуктук колдоо мындан ары да күчөтүлүп, ар бир жаран чет өлкөдө жүрсө да, өз өлкөсүнүн коргоосунда экенин сезиши зарыл.
Вера БЕДЕЛБЕК, «Кыргыз Туусу»



