Башкы беткеКоомКыргыз-өзбек чек арасындагы өткөрмө бекеттердин саны 30га жетет

Кыргыз-өзбек чек арасындагы өткөрмө бекеттердин саны 30га жетет

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасындагы өткөрмө бекеттердин саны 15тен 30га чейин көбөйтүлөт. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров 30-июлда мамлекеттик сапар менен келген Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев менен өткөн жолугушууда билдирди.

Садыр Жапаров сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кыргыз-өзбек чек ара маселесин толугу менен жыйынтыктай турган келишимдерге кол коюларын кошумчалады. Эки өлкө ортосундагы чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо жараяны аяктаганы тууралуу 2023-жылдын январында жарыяланган болчу.

Чек арадагы 15 өткөрмө бекеттин көбү 2005-жылдагы саясий окуялардан кийин жабылып калган. 2016-жылдан тарта эки өлкөнүн мамилеси жакшырып, бекеттер кайрадан ачыла баштаган. Учурда чек арада «Достук», «Бек-Абад», «Маданият», «Баймак», «Кызыл-Кыя», «Кадамжай», «Кайтпас», «Ак-Кыя», «Өтүкчү», «Чечме», «Кара-Суу» жана «Кең-Сай» бекеттери иштеп жатат. Өткөрмө бекеттердин эки эсе көбөйүшү соода-экономикалык байланыштарды чыңдоого жана жарандардын каттамын жеңилдетүүгө өбөлгө түзөт.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар