Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Азербайжандын эң жогорку мамлекеттик сыйлыгы — Гейдар Алиев ордени менен сыйланды.
Сыйлыкты Азербайжандын президенти Илхам Алиев Чолпон-Ата шаарында өткөн мамлекеттик сапардын алкагында тапшырды.
Илхам Алиев Жапаровдун Кыргызстанды өнүктүрүүгө жана эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди бекемдөөгө кошкон салымын жогору баалады. Ал ошондой эле Кыргызстандагы акыркы жылдардагы социалдык-экономикалык өзгөрүүлөргө токтолду.



