31-июлда Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Азербайжан Республикасынын Президенти Илхам Алиевдин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарууга багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.
Мамлекет башчылары эң башкы саясий документ катары Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы союздаштык мамилелер жөнүндө келишимге кол коюшту.
Кол коюлган документтер транспорттук-логистикалык, энергетикалык, инвестициялык, санариптик, финансылык жана гуманитардык тармактардагы кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган.
Алардын катарында энергетика тармагындагы кызматташууну өнүктүрүү боюнча 2026–2027-жылдарга карата жол картасы, ошондой эле Кыргызстандын жана Азербайжандын Энергетика министрликтеринин ортосунда мунай жана мунай продуктуларын жеткирүү жаатындагы кызматташуу тууралуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум бар.
Кыргызстандын энергетика министри Алтынбек Рысбеков учурда Азербайжандан күйүүчү-майлоочу май үчүн чийки зат жеткирүү маселеси боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатканын билдирди. Анын айтымында, долбоорду ишке ашыруунун механизмдери жакынкы убакта эки тарап тарабынан кеңири талкууланат.
Белгилей кетсек, Азербайжандын Президенти Илхам Алиев Кыргызстанда мамлекеттик сапар менен жүрөт. Сапардын алкагында Президент Садыр Жапаров ага Кыргыз Республикасынын эң жогорку мамлекеттик сыйлыктарынын бири болгон I даражадагы «Манас» орденин тапшырды.
Өз кезегинде Азербайжандын Президенти Илхам Алиев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду Азербайжандын эң жогорку мамлекеттик сыйлыгы – Гейдар Алиев ордени менен сыйлады.
Кол коюлган документтер жана мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгүн жана союздаштык мамилелерин мындан ары бекемдөөгө болгон өз ара умтулуусун дагы бир жолу тастыктады.



