Башкы беткеПрезидентБорбордук Азия жана Азербайжан лидерлери Чолпон-Ата декларациясына кол коюшту

Борбордук Азия жана Азербайжан лидерлери Чолпон-Ата декларациясына кол коюшту

Бүгүн, 31-июлда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Борбордук Азия мамлекеттеринин жана Азербайжан Республикасынын мамлекет башчыларынын бейформал Консультативдик жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов жана Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев катышты.

Жыйынды ачкан Президент Садыр Жапаров акыркы жылдары Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосунда мамлекеттик чек ара маселелери боюнча тарыхый макулдашууларга жетишилгенин белгилеп, өз ара ишенимдин чыңдалышы аймактык кызматташтыкты сапаттык жаңы деңгээлге чыгарганын айтты.

Мамлекет башчысы ошондой эле Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 2027–2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин колдогону үчүн аймак өлкөлөрүнүн лидерлерине ыраазычылык билдирип, өлкө Борбордук Азиянын жалпы кызыкчылыктарын эл аралык аренада алдыга жылдырууну улантарын баса белгиледи.

Президент сүйлөгөн сөзүндө транспорттук байланыштарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп, «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолунун курулушу аймак үчүн стратегиялык мааниге ээ экенин белгиледи. Ошондой эле Казакстан жана Өзбекстан менен биргеликте Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу энергетикалык коопсуздукту чыңдоодо маанилүү долбоор экенин айтты.

Садыр Жапаров туризм тармагындагы кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрүнө да токтолуп, Борбордук Азия өлкөлөрүнө келген чет өлкөлүк жарандар үчүн бирдиктүү туристтик визаны киргизүү демилгесин кайрадан көтөрдү. Анын айтымында, бул демилге аймактын туристтик потенциалын арттырууга жана чет өлкөлүк туристтердин агымын көбөйтүүгө өбөлгө түзөт.

Ошондой эле мамлекет башчысы Түркмөнстандын Консультативдик жолугушуулар форматындагы төрагалыгына жогору баа берип, 2026-жылдын 8-октябрында Аваза шаарында өтө турган Борбордук Азия мамлекеттеринин жана Азербайжан Республикасынын башчыларынын сегизинчи Консультативдик жолугушуусун ийгиликтүү өткөрүүгө кыргыз тарап ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчылары аймактык кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү, транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүү, энергетикалык коопсуздукту камсыздоо, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жана башка актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышты.

Иш-чаранын соңунда президенттер Чолпон-Ата декларациясына кол коюшту.

Жыйынтыктоочу сөзүндө Президент Садыр Жапаров кол коюлган декларация Борбордук Азия мамлекеттери менен Азербайжандын ортосундагы жогорку деңгээлдеги өз ара ишенимди, тынчтыкты, ынак коңшулук мамилелерди жана туруктуу өнүгүү принциптерине берилгендигин дагы бир жолу ырастап, аймактык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө болгон жалпы умтулуусун чагылдырарын белгиледи.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар