Ысык-Көлдө өткөн “Кыргызстан – Ысык-Көл 2026” UIM F1H2O суу-мотор спорту боюнча дүйнө чемпионатынын этабы салтанаттуу түрдө жыйынтыкталды.
Жабуу аземине Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев катышып, Кыргызстан дүйнөлүк деңгээлдеги ири спорттук иш-чараларды өткөрүүгө жөндөмдүү экенин дагы бир жолу далилдегенин белгиледи.
Анын айтымында, чемпионат спорттук мелдештен тышкары мамлекеттер ортосундагы достукту, өз ара түшүнүшүүнү жана кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө түзгөн маанилүү эл аралык аянтча болду.
Адылбек Касымалиев Эл аралык суу-мотор спорту федерациясына (UIM), уюштуруучуларга, өнөктөштөргө, ыктыярчыларга, күч түзүмдөрүнө, медицина кызматкерлерине жана мелдештин ийгиликтүү өтүшүнө салым кошкон бардык тараптарга ыраазычылык билдирди.
Ошондой эле ал спорттун адамдарды бириктирген күч экенин белгилеп, жеңүүчүлөрдү куттуктап, бардык спортчуларга ийгиликтерди каалады.
Иш-чаранын соңунда «Кыргызстан – Ысык-Көл 2026» Гран-присинин жеңүүчүлөрү жана байге ээлери салтанаттуу сыйланды.



