Башкы беткеКоомОш облусунда жер титиреди

Ош облусунда жер титиреди

Кыргызстандын аймагында 3-август күнү саат 05:35те күчү 3 баллга жакын жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Кашка-Суу айылынан 18 чакырым түндүк-батышта, ал эми Ош шаарынан 88 чакырым түштүк-батышта жайгашкан.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөө калктуу конуштарда сезилген эмес. Жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу маалымат түшө элек.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар