Башкы беткеКоомЖОЖдорго кабыл алуунун төртүнчү туру башталды

ЖОЖдорго кабыл алуунун төртүнчү туру башталды

Кыргызстандын жогорку окуу жайларында 2026–2027-окуу жылына кабыл алуунун төртүнчү туру старт алды. “Абитуриент Online” автоматташтырылган маалыматтык системасынын маалыматына ылайык, абитуриенттерди каттоо 5-август саат 14:00гө чейин уланат.

Үч турдун жыйынтыгында абитуриенттерден 70,5 миң электрондук талон катталган. Анын ичинен 24,4 миңи бюджеттик, 46,1 миңи контракттык орундарга тапшырылган. Жогорку окуу жайлары 47,7 миң абитуриентти окууга сунуштаган.Тандалган адистик боюнча окууга макулдугун 35,2 миң абитуриент тастыктаган. 

Эң көп тандалган багыттардын катарына педагогикалык жана гуманитардык адистиктер, экономика жана финансы, медицина, маалыматтык технологиялар жана юриспруденция кирди.

Быйылкы кабыл алуу өнөктүгү жалпысынан беш тур менен өтүп, абитуриенттер үчүн 10 миңге жакын гранттык орун каралган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар