Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүү жана суу ташкыны болушу мүмкүн экенин эскертти.
Министрликтин маалыматына ылайык, бүгүн, 3-августта күндүн экинчи жарымында, ошондой эле 4–6-август күндөрү күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүү коркунучу жогорулайт.
ӨКМ жарандарды коопсуздук эрежелерин так сактоого, тоолуу аймактарда, дарыялардын жээктеринде жана сел жүрүү коркунучу бар жерлерде өзгөчө этият болууга чакырат.
Ошондой эле жергиликтүү тургундарга жана эс алуучуларга аба ырайынын өзгөрүшүнө көңүл буруп, өзгөчө кырдаал жаралган учурда тиешелүү кызматтардын көрсөтмөлөрүн аткаруу сунушталды.



