VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жалпы байге фонду 64 миллион сомдон ашып, бул 700 миң доллардан көптү түзөт. Бул тууралуу мелдештин уюштуруучулары билдиришти.
Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, оюндарга 100 миңге жакын көрүүчү жана чет өлкөлүк туристтин келиши күтүлүүдө.
Быйылкы оюндардын спорттук программасы кеңейтилип, мелдештердин саны 42 спорт түрүнө жетти. Алгачкы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 37 спорт түрү камтылган.
Чет өлкөдөн келген конокторду тосуп алуу жана коштоп жүрүү үчүн 700 ыктыярчы даярдалган. Ошондой эле коопсуздукту камсыздоо максатында сутка бою иштей турган атайын штаб түзүлүп, бардык иш-чаралар түз эфирде көзөмөлдөнөт.
Оюндардын алкагындагы маданий программа да кеңири уюштурулат. Беш күндүн ичинде беш өзүнчө аянтчада 800дөн ашык маданий иш-чара өткөрүлөт.
Ал эми Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылуу аземинде дүйнөгө белгилүү Gypsy Kings тобу жана башка чет элдик өнөрпоздор сахнага чыгып, көрүүчүлөргө концерттик программа тартуулашат.



