Башкы беткеДүйнөОкумуштуулар ВИЧке каршы жаңы дарыны сынады

Окумуштуулар ВИЧке каршы жаңы дарыны сынады

Илимпоздор ВИЧ-1 инфекциясына каршы күрөшүүдө жаңы антиретровирустук препараттын (VH-499) алгачкы клиникалык сыноосу ийгиликтүү аяктаганын жар салышты. Бул дары буга чейинки каражаттардан айырмаланып, вирустун көбөйүшүнө шарт түзгөн белок кабыкчасын – капсидди токтото алат.

Азыркы терапиялар вирусту басканы менен, терс таасирлери көп, башка дарылар менен айкалышуусу оор жана узак убакыт катуу режимде ичүүнү талап кылат. Жаңы VH-499 препараты дал ушул көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган.

Изилдөөгө буга чейин дарыланбаган, канында вирустун деңгээли жогору 23 адам катышкан. Аларга препараттын 25, 100 жана 250 мг дозалары, ал эми айрымдарына плацебо берилген. Болгону 11 күндүн ичинде VH-499 дарысын ичкен бейтаптардын бардыгынын канындагы вирустун саны кескин азайганы белгиленди. Дарынын дозасы канчалык жогору болсо, натыйжасы ошончолук мыкты болгон.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар