Башкы беткеПрезидентЧоң-Гара жана Таш-Төбө айылдарын Кыргызстанга өткөрүп алуу иштери башталды

Чоң-Гара жана Таш-Төбө айылдарын Кыргызстанга өткөрүп алуу иштери башталды

Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча келишимдин алкагында Чоң-Гара жана Таш-Төбө айылдарын Кыргызстанга расмий өткөрүп алуу иштери башталды.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык, 3-августтан тарта эки өлкөнүн биргелешкен жумушчу тобу айылдарда каттоо жана тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Чоң-Гара жана Таш-Төбө айылдары мурда Өзбекстандын Фергана облусуна караган. Чек араны тактоо иштеринин жыйынтыгында бул аймактар Кыргызстанга өткөрүлгөн. Алдын ала маалымат боюнча, эки айылда 2,5 миңге жакын адам жашайт.

Кийинки этапта айыл тургундарына мыйзамда белгиленген тартипте Кыргызстандын жарандыгы берилет.

Белгилей кетсек, эки өлкөнүн макулдашуусуна ылайык, бул айылдардын ордуна Кыргызстан Өзбекстанга чек ара тилкесинен теңме-тең жер аянтын өткөрүп берет.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар