ОПЕК+ уюмуна кирген жети өлкө сентябрь айында мунай өндүрүүнү август айына салыштырмалуу күнүнө 188 миң баррелге көбөйтүү чечимин кабыл алды. Макулдашуу онлайн форматтагы жыйындын жыйынтыгында жарыяланды.
Жыйынга Сауд Арабиясы, Орусия, Ирак, Кувейт, Казакстан, Алжир жана Оман катышып, дүйнөлүк мунай рыногундагы учурдагы абалды талкуулашты.
Бул ОПЕК+ өлкөлөрүнүн мунай өндүрүүнү көбөйтүү боюнча катары менен алтынчы чечими болуп калды. Уюм рыноктогу кырдаалга жараша өндүрүш көлөмүн мындан ары да ийкемдүү жөнгө салып турарын билдирди.
ОПЕК+нын кийинки жыйыны 6-сентябрда өтүп, анда октябрь айына карата мунай өндүрүүнүн көлөмү каралат.



