Башкы беткеКоомОш шаарынын мэри аскердик шарттар менен таанышты

Ош шаарынын мэри аскердик шарттар менен таанышты

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев ИИМдин Ички аскерлеринин 7703-аскер бөлүгүнө иш сапары менен барып, кызмат өтөө шарттары жана материалдык-техникалык базасы менен таанышты.

Шаар мэриясынын маалыматына ылайык, бөлүктүн жетекчилиги коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, мамлекеттик объектилерди кайтаруу жана өзгөчө кырдаалдардагы кызмат тууралуу маалымат берди.

Мэр казарманы, ашкананы, медициналык пунктту жана спорт аянтчасын көрүп чыгып, аскер кызматкерлери менен баарлашты. Ошондой эле алардын социалдык-тиричилик шарттарын жакшыртуу, инфраструктураны өнүктүрүү жана материалдык-техникалык камсыздоону күчөтүү маселелери талкууланды.

Жолугушуунун соңунда Жанарбек Акаев Ички аскерлердин өлкөдөгү коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуудагы маанилүү ролун белгилеп, өздүк курамга ийгиликтерди каалады.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар