Башкы беткеКоомБишкектин Элебесов көчөсүндөгү көлмөдө лотостор гүл ачты

Бишкектин Элебесов көчөсүндөгү көлмөдө лотостор гүл ачты

Бишкектеги Свердлов районунда жайгашкан Элебесов жана Аул көчөлөрүнүн кесилишиндеги көлмөдө лотостор гүлдөп, аймакка өзгөчө көрк берди.

Шаар мэриясынын маалыматына ылайык, көчмө жыйындын жүрүшүндө мэр Айбек Джунушалиев гүлдөп турган лотостор менен таанышып, көлмөнүн айланасын көрктөндүрүү иштеринин жүрүшүн текшерди.

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан аймакта санитардык тазалоо иштери жүргүзүлгөн. Учурда «Кызыл Тоо» ЖЧКсы көлдүн түштүк тарабын көрктөндүрүү иштерин аткарууда. Анын алкагында 51 түп арча отургузулуп, отургучтарды орнотуу уланууда. Ошондой эле тротуарга таман таштар жана бордюрлар төшөлүп бүттү.

Мындан тышкары, көлдүн жээгиндеги жөө адамдар өтүүчү жолго асфальт төшөө үчүн даярдык иштери жүргүзүлүп, аймакты тазалоо жана көрктөндүрүү иштери уланууда.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар