Бүгүн күнү Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо нөшөрлүү жаан-чачын болуп, сел жүрүү коркунучу жаралышы ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Синоптиктердин билдирүүсүнө караганда, жаан-чачындан улам айрым дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +30…+35 градуска чейин жетет. Талас аймагында +27…+32, Ысык-Көлдө +22…+27, Нарын облусунда +20…+25 градус болот.
Бишкек шаарында күндүз +31…+33 градус, Ошто +32…+34 градус, Чолпон-Атада +22…+24 градус жылуу болушу күтүлүүдө.



