Башкы беткеКоомБишкекте Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана ШКУ саммити түз эфирде көрсөтүлөт

Бишкекте Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана ШКУ саммити түз эфирде көрсөтүлөт

Бишкек шаарында  Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи жана Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине байланыштуу шаар тургундары жана коноктору үчүн 11 фан-зона уюштурулат.

Негизги фан-зона борбордук Ала-Тоо аянтында жайгашып, анда иш-чаралардын салтанаттуу ачылышы түз эфирден көрсөтүлөт. Программа башталганга чейин кыргыз эстрадасынын өкүлдөрү жана чыгармачыл топтор катышкан концерттик программа өтөт.

Ошондой эле аянтта фуд-корттор, эс алуу жайлары жана үй-бүлөлөр үчүн атайын аймактар уюштурулат.

Мындан тышкары, Бишкектин төрт районунда дагы 10 фан-зона иштеп, шаар тургундары менен меймандарга Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземин жана ШКУ саммитинин негизги иш-чараларын көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар