Бишкек шаарында калкка жеткиликтүү баада эт саткан фудтрактар ишин улантууда. Аларды Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу “Кыргыз Агрохолдинг” ААК уюштурган.
Фудтрактарда эттин килограммы 680 сомдон сатылууда.
Шаар тургундары этти төмөнкү даректерден сатып ала алышат:
Аламүдүн-1 конушу, Сагынбай Манасчы көчөсү, 7/1 (чыгыш тарабындагы унаа токтотуучу жай);
Көк-Жар кичи району, 3/1 (унаа токтотуучу жай);
7-Апрель көчөсү менен Ахунбаев көчөсүнүн кесилиши («Глобус» гипермаркетинин унаа токтотуучу жайы);
Киев көчөсү менен Кулиев көчөсүнүн кесилиши («Берекет Универсал» базарынын батыш тарабындагы унаа токтотуучу жай);
Тунгуч кичи району (“Глобус” гипермаркетинин унаа токтотуучу жайы);
Ортосай базары (“Оберон” унаа токтотуучу жайы);
Гагарин көчөсү менен Космостук көчөсүнүн кесилиши (“Глобус” гипермаркетинин унаа токтотуучу жайы);
Ленин көчөсү, 135;
Төмөнкү Жал кичи району, Тыналиев көчөсү (“Глобус” гипермаркетинин унаа токтотуучу жайы);
Москва көчөсү менен Шопоков көчөсүнүн кесилиши.
Жеткиликтүү баада эт сатуу демилгеси шаар тургундарын сапаттуу азык-түлүк менен камсыз кылуу максатында ишке ашырылууда.



