Россияда үч кыргызстандыкка төлөнбөй калган эмгек акы толук өндүрүлүп берилди. Бул тууралуу Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, министрликтин Россиядагы Өкүлчүлүгү Кыргызстандын жарандарынын эмгек акынын төлөнбөй жатканы боюнча кайрылууларын карап, тиешелүү чараларды көргөн.
Анын жыйынтыгында “НСМТ” ЖЧКсы Кыргызстандын үч жаранына жалпы 568 миң 500 рубль өлчөмүндөгү эмгек акы боюнча карызын толугу менен төлөп берди.



