Мамлекеттик салык кызматы жарандарга мүлк жана жер салыгын 2026-жылдын 1-сентябрына чейин төлөө зарылдыгын эскертти.
Мөөнөт турак үйлөр жана батирлер (ишкердикте пайдаланылбаган), ошондой эле үй жанындагы, короо алдындагы жана бакча-чарба жер тилкелери үчүн төлөнүүчү салыктарга тиешелүү.
Ведомствонун маалыматына ылайык, төлөнө турган салыктын суммасы салык төлөөчүнүн жеке кабинетинде жеткиликтүү. Ошондой эле төлөмдү QR-код же төлөм коду аркылуу онлайн жүргүзүүгө болот.
Салык кызматы белгилегендей, төлөм кечиктирилген учурда карыздын суммасына ар бир мөөнөтү өткөн күн үчүн 0,09 пайыз өлчөмүндө туум эсептелет.



