Кытайда жасалма интеллект индустриясынын көлөмү 2025-жылдын жыйынтыгы менен 176,7 млрд долларга жетип, бир жыл ичинде 40% өстү.
Кытайдын маалыматтык жана коммуникациялык технологиялар академиясынын маалыматына ылайык, рыноктун 55%ын колдонмо чечимдер, 38%ын эсептөө жана базалык инфраструктура, ал эми 7%ын моделдер менен платформалар түздү.
ЖИ индустриясынын жалпы көлөмүнүн 80%дан ашыгы Бээжин, Шанхай шаарларында жана Гуандун, Чжэцзян, Шаньдун провинцияларында топтолгон.
2026-жылдын июнь айына карата Кытайда 6,6 миңден ашуун жасалма интеллект тармагында иштеген компания катталган. Бул дүйнөдөгү мындай компаниялардын жалпы санынын болжол менен 15%ын түзөт.
Адистердин баамында, өлкөдө эсептөө инфраструктурасын, моделдерди, платформаларды жана тармактык колдонмолорду камтыган толук кандуу жасалма интеллект экосистемасы калыптанды.



