Кыргызстандын Улуттук банкы 5-августка карата чет элдик валюталардын сомго карата расмий курсун жарыялады.
Расмий маалыматка ылайык, АКШ доллары 87,45 сом, евро 100,63 сом, орус рубли 1,08 сом, казак теңгеси 0,18 сом, ал эми кытай юаны 12,95 сом болду.
Коммерциялык банктарда АКШ доллары орточо эсеп менен 87,38 сомдон сатып алынып, 87,80 сомдон сатылууда. Ал эми орус рубли 1,02 сомдон сатып алынып, 1,11 сомдон сатылууда.
Евронун коммерциялык банктардагы орточо курсу 100,20 сомдон сатып алынып, 101,20 сомдон сатылууда.



