Башкы беткеКоомАк-Талаада сел жүрдү

Ак-Талаада сел жүрдү

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Жаңы-Тилек айылында сел жүрүп, 18 турак үйдүн короосун суу каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Кара-Бүргөн айыл аймагындагы селден коргоочу каналдан сел суулары ашып өтүп, анын кесепетинен эки үйдүн жер төлөсүнө суу кирген. Мындан тышкары, беш турак үйдүн короосуна сел калдыктары толгон.

Учурда жеринде селдин кесепеттерин жоюу иштери жүргүзүлүүдө. Ага бир жүктөгүч техника, 12 куткаруучу жана Жарандык коргонуу кызматтарынын 8 өкүлү тартылган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар