Башкы беткеЭкономикаКыргызстан алты айда 20 миң тоннага жакын сүт азыктарын экспорттоду

Кыргызстан алты айда 20 миң тоннага жакын сүт азыктарын экспорттоду

2026-жылдын алгачкы алты айында Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнө жана үчүнчү мамлекеттерге 19 миң 915,5 тонна сүт продукциясын экспорттоду.

Экспорттолгон продукциялардын арасында 2 339 тонна балмуздак, 674,5 тонна сыр, 100,6 тонна сары май, 197,8 тонна кымыз, курут жана башка кычкыл сүт азыктары, ошондой эле 189 тонна сүт сывороткасы бар.

Мындан тышкары, отчеттук мезгилде чет өлкөлөргө 228,8 тонна табигый бал экспорттолду.

Адистердин баамында, бул көрсөткүчтөр кыргызстандык өндүрүүчүлөрдүн продукциясына тышкы рынокто суроо-талап жогору экенин жана өлкөнүн сүт менен бал тармагындагы экспорттук мүмкүнчүлүктөрү кеңейип жатканын айгинелейт.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар