Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы «Магомед» компаниясы иштеткен көмүр шахтасында кырсык болуп, чет элдик бир кызматкер каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, шахтанын 50 метр тереңдигинде төрт тирөөч сынып, болжол менен 30 куб метр уранды түшкөн. Анын кесепетинен эки кенчи уранды алдында калган. Алардын бири – Кытайдын 60 жаштагы жараны куткарылып, дарыгерлерге өткөрүлүп берилсе, экинчи чет элдик кызматкер каза болгон.
Куткаруу иштеринин жүрүшүндө экинчи ирет уранды түшүп, ӨКМдин беш куткаруучусу да уранды алдында калган. Алардын бардыгы кийин аман-эсен чыгарылды.
Белгилей кетсек, быйыл 27-апрелде да Сүлүктүдөгү «Кара-Садак» көмүр шахтасында кырсык катталып, бир адам каза болгон. Акыркы жылдары аймактагы шахталарда мындай кырсыктар бир нече жолу кайталанууда.



