Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Бишкек шаарындагы күйүүчү-майлоочу майлардын учурдагы бааларына талдоо жүргүзүп, аларды ЕАЭБге мүчө мамлекеттердеги жана Борбор Азия өлкөлөрүндөгү баалар менен салыштырды.
5-августка карата Бишкектеги күйүүчү майдын орточо баасы төмөнкүдөй:
- АИ-92 — 86,9 сом;
- АИ-95 — 109,9 сом;
- Дизелдик отун — 99,9 сом;
- Суюлтулган жаратылыш газы — 48,8 сом.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдиргендей, учурда АИ-92нин баасы Казакстанда 46,1 сом, Россияда 76,2 сом, Беларуста 77,7 сом. Ал эми Өзбекстанда 94,9 сом, Тажикстанда 122,9 сом жана Арменияда 127,2 сом.
Талдоо көрсөткөндөй, Кыргызстанда күйүүчү май Казакстан, Россия жана Беларуска караганда кымбатыраак. Ал эми Өзбекстан, Тажикстан жана Арменияга салыштырмалуу арзаныраак бойдон калууда.



