Башкы беткеКоомӨлкөдө 17 заманбап өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн имараты курулуп жатат

Өлкөдө 17 заманбап өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн имараты курулуп жатат

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы №39 өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн жаңы имаратынын курулушу аяктап, жакынкы күндөрү пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жаңы имарат куткаруучулардын кызмат өтөөсү үчүн бардык зарыл шарттар менен камсыздалган. Анда окуу классы, эс алуу, тамактануу жана жуунуу бөлмөлөрү, машыгуу залы, ошондой эле өрт өчүрүүчүлөрдүн кесиптик даярдыгы үчүн окуу мунарасы курулган.

Ошол эле учурда Ысык-Көл районунун Ананьево айылындагы №33 өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн жаңы имаратынын курулушу уланууда. Учурда анда бетон куюу иштери толугу менен аяктады.

Министрликтин маалыматына ылайык, аталган эки бөлүктүн тең мурдагы имараттары авариялык абалга келгендиктен, алардын ордуна жаңы имараттарды куруу чечими кабыл алынган.

Учурда мамлекеттик бюджеттин эсебинен өлкөнүн ар кайсы аймактарында жалпысынан 17 заманбап өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн имараты курулуп жатат. Бул иштер өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаевдин көзөмөлүндө жүргүзүлүүдө.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар