Бишкекте жол инфратүзүмүн калыбына келтирүү боюнча иштер уланууда. Учурда борбор калаадагы 120 объектте оңдоо иштери жүргүзүлүп жатат.
Муниципалитеттин маалыматына ылайык, алардын ичинен 99у — автоунаа жолдору, ал эми 21и — тротуарлар. Бүгүнкү күнгө чейин 56 объектте иштер толугу менен аяктаган. Анын ичинен 43ү жол тилкелери, 13ү тротуарлар.
Оңдоо иштери шаардын төрт районунда тең жүргүзүлүүдө. Ленин районунда 20 көчөдө иштер башталып, 5 объект бүткөрүлгөн. Октябрь районунда 15 көчөдө оңдоо жүрүп, 7 объект пайдаланууга берилген. Биринчи Май районунда 20 көчөдө иш жүргүзүлүп, анын 13ү аяктаган. Ал эми Свердлов районунда 22 көчөдө оңдоо иштери жүрүп, 16 объект толук бүткөрүлгөн.
Мындан тышкары, «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы 19 көчөдө иштерди аткарып, алардын 12син аяктаган. Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти 22 көчөдө оңдоо иштерин жүргүзүүдө.
Долбоор борбор калаада жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга, транспорттук жеткиликтүүлүктү жакшыртууга жана шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.



