Россия–Кыргыз өнүктүрүү фондунун капиталы 2030-жылга чейин эки эсеге көбөйүп, 1 млрд АКШ долларына жетиши күтүлүүдө. Бул тууралуу фонддун төрагасы Артем Новиков Ысык-Көлдө өтүп жаткан Кыргызстан-Россия экономикалык форумунда билдирди.
Анын айтымында, бул багыттагы алгачкы кадам катары Евразия өнүктүрүү банкы менен 50 млн долларга жакын каржылоону тартуу боюнча келишимге кол коюу пландалууда.
Новиков белгилегендей, Россия–Кыргыз өнүктүрүү фонду жыл сайын өлкөнүн экономикасына жүздөгөн миллион доллар инвестиция салат. Өткөн жылы фонд тарабынан 135 млн доллар, ал эми быйыл 300 млн долларга жакын каражат долбоорлорго жумшалган.
Учурда фонд аркылуу каржылоонун жалпы көлөмү 1,5 млрд АКШ долларына жакындап, бул каражаттар Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө жана жаңы инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга багытталууда.



