Башкы беткеКоом7-августка карата аба ырайы

7-августка карата аба ырайы

7-августта Кыргызстандын көпчүлүк аймагында ысык аба ырайы сакталат, тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо кыска мөөнөттүү жаан-чачын күтүлөт.

Кыргызгидрометтин маалыматына караганда, Чүй, Талас, Ош жана Жалал-Абад облустарынын тоо этектери менен тоолуу аймактарында, ошондой эле Баткен, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.

Күндүз абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +32…+37 градус, Талас облусунда +30…+35 градус, Нарында +25…+30 градус, ал эми Ысык-Көлдө +21…+26 градус болот.

Борбор калаада жаан-чачын күтүлбөйт. Бишкекте күндүз +34…+36 градус, Ош шаарында +35…+37 градус ысык болот. Чолпон-Ата шаарында болсо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлүп, абанын температурасы +23…+25 градуска чейин жетет.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар