Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги «Таш-Рабат» тарыхый-архитектуралык комплексинде жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштерине байланыштуу жарандарга жана туристтерге кайрылды.
Учурда комплекс 2023–2027-жылдарга карата «Көөнө тарых сырлары» мамлекеттик программасынын алкагында оңдолуп жатат. Иштер тарыхый эстеликтин конструкцияларын бекемдөөгө, коопсуздугун камсыз кылууга жана аны келечек муундарга сактап калууга багытталган.
Оңдоо иштери 2027-жылга чейин этап-этабы менен улантылат. Учурда аймакта курулуш техникалары жана жумушчу топтор иштеп жаткандыктан, айрым тилкелер убактылуу жабылып, кирүүгө чектөө киргизилген.
Ушуга байланыштуу министрлик оңдоо иштеринин негизги этаптары аяктаганга чейин «Таш-Рабатка» баруудан убактылуу карманууга чакырды. Туристтик компаниялар менен экскурсоводдордон маршруттарды пландаштырууда чектөөлөрдү эске алып, туристтерге алдын ала маалымат берүү сунушталды.



