VIII Кыргыз-Россия экономикалык форумунун алкагында Кыргызстанда финтех кызматтары менен интеграцияланган виртуалдык мобилдик операторду (MVNO) түзүү жана ишке киргизүү боюнча келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунан билдиришти.
Долбоор фонддун каржылык колдоосу менен «МВНО БКГ» ЖЧКсы тарабынан Кыргызстандын «Скай Мобайл» ЖЧКсы (Beeline) жана Россиянын «ВымпелКом» ААКсы (Beeline) менен биргеликте ишке ашырылат.
Долбоордун алкагында Кыргызстан жана Россия үчүн эки санариптик профили бар SIM-карта иштелип чыгат. Абоненттер SIM-картаны алмаштырбастан эки өлкөдө тең байланыш кызматтарын пайдаланып, башка өлкөгө көчкөндө өз номерин сактап кала алышат.
Мындан тышкары, кызмат санариптик капчык менен интеграцияланган бирдиктүү тарифти камтыйт. Долбоор негизинен Россияда эмгектенип жаткан кыргызстандыктарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө ыңгайлуу байланыш, санариптик кызматтар жана акча которуу мүмкүнчүлүктөрүн бир системага бириктирүүгө багытталган.
Фонддун маалыматына ылайык, бул Кыргызстандагы алгачкы ушундай демилге болуп саналат.



