Бишкектеги “Аска-Таш” мемориалдык комплексинде фонтандарды оңдоо жана аймакты көрктөндүрүү иштери уланууда.
Бишкек мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы жүргүзүп жаткан иштер Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына даярдык көрүү үчүн аткарылууда.
Долбоордун алкагында фонтандардын ички жана тышкы инженердик тармактары жаңыланып, оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле аймакка жаңы таман таш төшөлүп, автоматтык сугаруу системасы орнотулууда.
Учурда фонтандардын бассейндери бетондолуп, гранит менен капталууда. Курулуш иштери бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүп жатат.
Жаңылоо иштеринин жыйынтыгында мемориалдык комплекстин көрүнүшү жакшырып, шаар тургундары жана коноктору үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт.



