Башкы беткеМаданиятМаданий туристтик өнүмдөр боюнча сынактын мөөнөтү узартылды

Маданий туристтик өнүмдөр боюнча сынактын мөөнөтү узартылды

Кыргызстанда маданий туристтик өнүмдөрдү жаратуу боюнча республикалык сынакка табыштама кабыл алуу мөөнөтү 2026-жылдын 20-октябрына чейин узартылды.

Сынакты Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги Кореянын ЮНЕСКОнун колдоосундагы Азия-Тынч океан аймагындагы материалдык эмес маданий мурастар боюнча эл аралык маалыматтык-тармактык борбору (ICHCAP) менен биргеликте өткөрүүдө.

Сынактын негизги максаты — «Манас» эпосунун үчилтиги, кенже эпостор, уламыштар, жомоктор жана макал-лакаптардын негизинде заманбап, рынокко ылайык маданий туристтик өнүмдөрдү жаратуу.

Баш байге — 100 миң сом. Мындан тышкары, мыкты чеберчилик жана өзгөчө идеялар үчүн атайын сыйлыктар каралган.

Буга чейин, 31-июлга чейин долбоор тапшырган катышуучуларга өз иштерин толуктап, кайра сунуштоого мүмкүнчүлүк берилет.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар