Чолпон-Ата шаарында өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын жыйынтыгында бир катар маанилүү документтерге кол коюлду.
Алардын арасында ЕАЭБ алкагында товарларды электрондук соода кылуу, мүчө мамлекеттердин брокерлери менен дилерлеринин биржалардагы соодага катышуусуна жол берүү жана окумуштуулук наамдарды ырастаган документтерди өз ара таануу боюнча макулдашуулар бар.
Мындан тышкары, чек ара аралык рыноктордогу атаандаштыктын абалы боюнча 2025-жылдагы баяндама жана Евразия экономикалык комиссиясынын 2024–2025-жылдардагы чечимдеринин иш жүзүндөгү таасирин баалоо боюнча отчет тууралуу чечимдер кабыл алынды.
Ошондой эле Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кийинки жыйынынын өтүү убактысы жана орду боюнча чечим кабыл алынды.



