Ысык-Көл облусунда жаратылышты коргоо мыйзамдарынын сакталышы боюнча рейддик текшерүүлөр жүргүзүлдү.
Жаратылыш министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 1-июнунан 1-августуна чейин көлдүн суу коргоо аймагындагы эс алуу жайлары, туристтик объектилер жана башка чарбалык аймактар текшерүүгө алынды.
Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында 185 административдик протокол түзүлүп, 2 млн 94 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Мындан тышкары, пландан тышкаркы текшерүүлөрдүн негизинде 57 протокол түзүлүп, 818 миң сом айып пул өндүрүлдү.
Ошондой эле балык ресурстарын коргоо багыты боюнча 17 мыйзам бузуу фактысы аныкталып, 17 миң сом айып салынды. Суу биологиялык ресурстарына келтирилген зыян үчүн 4 миң 40 сом өлчөмүндө доо коюлду.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы Ысык-Көлдүн экологиялык коопсуздугун камсыз кылуу жана жаратылыш байлыктарын коргоо боюнча иштерди улантарын билдирди.



