“Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясы менен Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча эки макулдашууга кол койду.
Документтер VIII Кыргыз-Россия экономикалык форумунун алкагында түзүлдү. Ага “Кыргыз темир жолу” ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев жана Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Артём Новиков кол коюшту.
Биринчи долбоор локомотивдердин дөңгөлөк жуптарын оңдоочу участокту заманбап жабдуулар менен камсыздоону карайт. Экинчи долбоор контейнер ташууга арналган 200 фитингдик платформаны сатып алуу мүмкүнчүлүгүн изилдөөгө багытталган.
Ишкананын маалыматына ылайык, бул долбоорлор темир жол инфраструктурасын жаңылоого, жүк ташуунун натыйжалуулугун жогорулатууга жана Кыргызстандын транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө шарт түзөт.
Мындан тышкары, Азамат Сакиев “Кыргызстан — аймактык хаб: жаңы транспорттук коридорлор” аттуу панелдик сессияда темир жол тармагын өнүктүрүү боюнча долбоорлор тууралуу маалымат берди. Анын ичинде Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу жана ички темир жол тармагын жаңылоо пландары айтылды.



