Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны соңуна чыкты. Анын негизги жыйынтыктарын ММК өкүлдөрүнө Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаев тааныштырды.
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары евразиялык экономикалык интеграцияны андан ары өнүктүрүү маселелерин карап чыгышты. Талкуунун борборунда соода-сатык, энергетикалык ресурстар рыногу, салыкты башкаруу, санариптик экономика, азык-түлүк коопсуздугу жана климат тармагындагы кызматташуу маселелери турду.
Жолугушуунун башкы практикалык жыйынтыктарынын бири катары үч эл аралык макулдашууга кол коюлду:
Электрондук соода боюнча макулдашуу: Документ ЕАЭБдин ички базарында товарлар менен электрондук соода кылуунун бирдиктүү эрежелерин белгилейт. Ал онлайн-соодага катышуучулардын укуктарын жана экономикалык кызыкчылыктарын коргоого багытталып, эл аралык сатуулар үчүн түшүнүктүү бир шарттарды түзөт. Ишкерлер үчүн бул — Биримдик өлкөлөрүнүн базарларында иштөөнүн бирдиктүү тартиби, ал эми сатып алуучулар үчүн интернет аркылуу товар алууда кошумча кепилдик берет.
Биржалык соодага катышуу боюнча макулдашуу: Келишим ЕАЭБге мүчө бир өлкөнүн брокерлери менен дилерлерин Биримдиктин башка мамлекеттеринин биржаларындагы уюштурулган соодага катышуусуна жол ачат. Каржы базарында профессионалдык катышуучуларынын улуттук лицензиялары өз ара биримдикте таанылат. Брокерлер менен дилерлер баалуу кагаздар жана туунду каржы инструменттери менен түз (анын ичинде аралыктан) соода кылуу мүмкүнчүлүгүн алышат. Бул механизм биржалык аянтчаларга кошумча капитал тартууга жана ЕАЭБдин бирдиктүү биржалык мейкиндигин калыптандырууга өбөлгө түзөрү күтүлүүдө.
Илимий наамдарды өз ара таануу боюнча макулдашуу: Келишим Биримдиктин бардык мамлекеттеринде ратификациялангандан кийин улук илимий кызматкер, доцент, ассоцияланган профессор жана профессор илимий наамдары тууралуу документтер ЕАЭБдин башка өлкөсүндө жумушка орношууда ар кандай кошумча документтерсиз түз эле кабыл алуу укугуна ээ болот.



