Башкы беткеКоомБаткенде чек аранын 160 чакырымдан ашык бөлүгү тосулду

Баткенде чек аранын 160 чакырымдан ашык бөлүгү тосулду

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Абдикарим Алимбаевдин жетекчилиги алдында өткөн кеңешмеге облустагы күч түзүмдөрүнүн, укук коргоо органдарынын жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Жыйында кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесин инженердик тосмолор менен жабдуу, чек ара коопсуздугун бекемдөө, мыйзамсыз аракеттердин алдын алуу жана аткезчиликке каршы күрөштү күчөтүү маселелери каралды.

Кеңешменин жыйынтыгында чек арадагы коопсуздукту камсыз кылуу, тосмолорду орнотуу иштерин сапаттуу жана өз мөөнөтүндө бүтүрүү боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.

Маалыматка ылайык, быйыл башталган чек ара тилкесине зым тосмолорун орнотуу иштеринин алкагында 6-августка карата Баткен облусунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 160 чакырым 558 метр бөлүгү тосулду.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар