Башкы беткеКоомЖОЖдордо кабыл алуунун акыркы туру башталды

ЖОЖдордо кабыл алуунун акыркы туру башталды

Кыргызстандын жогорку окуу жайларында абитуриенттерди кабыл алуунун бешинчи, акыркы туру башталды. “Абитуриент online” автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу каттоо 12-август саат 14:00гө чейин уланат.

Жайкы кабыл алуунун алгачкы төрт турунда ЖОЖдорго абитуриенттерден 75,3 миң электрондук талон катталган. Анын ичинен 50,9 миң абитуриент окууга сунушталган.

Жалпысынан жогорку окуу жайлары быйыл 66 миңге жакын студентти кабыл алууну пландап жатат. Анын 9,5 миңи гранттык, 56 миңден ашыгы контракттык негизде болот.

Эң көп абитуриент кабыл алынган багыттар — педагогика жана гуманитардык адистиктер, экономика жана каржы, медицина, маалыматтык технологиялар жана юриспруденция.

Мындан тышкары, колледждерде да кабыл алуу кампаниясынын акыркы туру бүгүн башталды. Абитуриенттер үчүн босого балл төмөндөтүлдү.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар