Бир айда Ош калаасынын казынасына салыктан кошумча 160 млн сом түштү. Бул тууралуу шаардын мэри Жанарбек Акаев билдирди.
Маалыматка ылайык, буга чейин Президент Садыр Жапаровдун чечими менен салыктын эки түрү — бирдиктүү жана сатуудан алынуучу салык Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинде калтырылган. Анын негизинде үстүбүздөгү айда Ош шаарынын казынасына 160 млн сом кошумча киреше түштү.
Калаа башчысы Жанар Акаевдин айтымында, бул каражаттар шаардын инфраструктурасын жакшыртууга багытталууда. Мэр ишкерлерге кайрылып, көмүскө экономиканы кыскартууга, ишкердикти мыйзамдуу жүргүзүүгө жана салыктарды өз убагында төлөөгө чакырды.
“Салык — шаардын өнүгүүсүнө түздөн-түз салым. Түшкөн каражаттар жолдорду, инфраструктураны жана шаардык чөйрөнү жакшыртууга жумшалат”, — деди Жанар Акаев.



