Кыргызстанда 2026-жылдын январь–июль айларында 387 этникалык кыргыз кайрылман статусун алды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Алардын 351и Тажикстандан, 16сы Өзбекстандан, 10у Кытайдан, 5и Орусиядан, 1и Ооганстандан жана 4ү башка өлкөлөрдөн келген.
Министрликтин маалыматына ылайык, Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери өлкөгө 90 миңден ашуун этникалык кыргыз көчүп келген, алардын 70 миңге жакыны жарандык алган.
Кайрылман макамы үч жылга берилет. Бул убакыт ичинде анын ээси Кыргызстандын жарандыгын алууга арыз бере алат. Мындан тышкары, кайрылмандар социалдык жөлөкпул, пенсия, медициналык жардам жана билим алуу сыяктуу укуктардан пайдалана алышат.



